Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов былтыркы иштер тууралуу отчёт берип жатат.
Жамшитов 2019-жылда аткарылган иштер, ачылган кылмыш иштер тууралуу баяндама жасады. Ал былтыр прокуратура органдары тарабынан 3882 кызматтык жана коррупциялык иштер Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрге катталганын билдирди. Тергөөнүн жыйынтыгында 1355 иш өндүрүштөн кыскартылган.
Жыйын азыр суроо-жооп багытында уланууда. Тиешелүү комитеттер жактырса башкы прокурор жалпы жыйында баяндама жасайт.
Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрелинен бери Башкы прокуратураны жетектеп келатат. (NT)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө