Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Оренбург-Бишкек түз каттамы уюштурулат


Бишкек. «Манас» аэропорту.
Бишкек. «Манас» аэропорту.

Кыргызстан Орусиядан дагы бир чартердик авиакаттам уюштурат. Бул тууралуу 18-майда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 20-майда Оренбургдан Бишкекке учак келери пландалып жатат. Каттамды уюштурууда биринчи кезекте артыкчылык кош бойлуу келиндерге, улгайгандарга, жаш балалууларга жана Орусияга дарыланыш үчүн баргандарга берилет.

12-майда ТИМ дүйнөнүн 58 өлкөсүндө 8712 кыргызстандык жаран кыргыз өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам күтүп жатканын билдирген.

17-майда Москвадан 378 кыргызстандык кайтып келген.

15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коронавирустун айынан чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай жаткан кыргыз жарандары тууралуу маселе кызуу талкууланган.

29 апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтууну пландап, бирок коронавирустун айынан чет мамлекеттерде калууга мажбур болгондорду сабырдуулукка чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG