Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Обсерватордогу 432 мигранттын 19у калып, калганы бүт чыкмай болду


«Семетей» обсерватору. 18-май, 2020-жыл.
«Семетей» обсерватору. 18-май, 2020-жыл.

«Манас» аэропортунун жанындагы «Семетей» обсерваторунда жаткандардын 19у гана калып, калгандарынын баары үй карантинине чыгарылмай болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Буга чейин Ички иштер министрлиги ал жерде Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген 432 мигрант бар экенин кабарлаган.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб бул обсерватордогулардын көбүн чыгаруу тууралуу чечимди «түзүлгөн абалга байланыштуу» деп түшүндүрдү.

17-майда бул жайдан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган мигранттардын видеосу Интернетке тараган.

Саламаттык сактоо министрлиги «Тез жардамдын» айдоочусунун тышкы коргоочу кийиминин «бир-эки жери айрылганын» маалымдаган.

7-майда Соль-Илецкиден Казакстан аркылуу автобус менен Бишкекке 541 кыргыз жараны жеткирилген. Ошондон бери алардын арасынан 98инен коронавирус табылды.

18-майда нааразылык билдирип чыккандар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жолукту.

Ага чейин Үсөнбаев мигранттарды обсерватордо кармоо оорунун жайылышына жол бербей жатканын айткан. «Семетейдегилерден» ПЦР анализ кайталанып алынып жатканын кошумчалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG