Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Тажикстанда Айт намазы жамаат менен окулбайт


Дүйшөмбү шаарындагы башкы мечит.
Дүйшөмбү шаарындагы башкы мечит.

Тажикстанда Орозо айынын соңунда Айт намазы жылдагыдай жамаат менен окулбайт. Бул тууралуу Тажикстандын Ислам кеңешинин уламалар кеңеши 18-майда билдирди. Аталган кеңеш айрым динчилдердин Интернет аркылуу Айт намазын өткөрүү жөнүндө сунушун «ханафи мазхабына туура келбейт» деген жүйө менен четке какты.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети мындай чечимге коронавирус эпидемиясы себеп болгонун, Айт майрамы кайсы күнгө туура келери 20-майда так аныкталарын билдирди.

18-апрелде тажик бийлиги коронавирус коркунучунан улам мечиттерде жамаат менен намаз окууга тыюу салган.

18-майда карата Тажикстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 1729 адамга жетти. Акыркы бир суткада 205 кишиден вирус табылды. Расмий маалыматка ылайык, 41 адам өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG