Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:59

Казакстанда COVID-19 жуккандар 283 адамга көбөйдү


Алматыда коронавируска анализ алган медициналык кызматкерлер.
Алматыда коронавируска анализ алган медициналык кызматкерлер.

Казакстанда соңку бир суткада коронавирус жуккандар 4,6% көбөйүп, 6440 адамга жетти. Бул тууралуу 18-май күнү эртең менен Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, вирустун жаңы учурларынын басымдуу бөлүгү Атырау облусуна (86 киши), Шымкент (60 киши) жана Алматы (46 киши) шаарларына туура келет.

Актөбө, Акмоло, Түркстан жана Жамбыл облустарында өткөн апта ичинде коронавируска чалдыккандардын саны 7% ашты. Саламаттык сактоо министрлиги вируска кабылгандардын көбөйүшүн калкты жапырт тесттен өткөрүү аракети менен түшүндүрдү.

13-марттан бери Казакстанда 6440 адам өпкөнү сезгенткен коронавируска чалдыкты. 3256 бейтап айыгып чыкса, 35 киши кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG