Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Жамшитов коронавирус жуккан прокуратура кызматкери жөнүндө маалымат берди


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

18-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов COVID-19 вирусу табылган кызматкери жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, учурда ал кызматкер айыгып чыкты.

«Дарыланып чыкты бүгүнкү күндө. Ал боюнча кызматтык иликтөө жүргүздүк. Башында биз баарын үйүнө коё бергенбиз. Ал келип-кетип жүргөн экен. Азыркы күндө ден соолугу жакшы. Айлык акысы убагында берилип турду», - деген башкы прокурор кызматкерге кандай шартта вирус жукканын айткан жок.

Парламент депутаты Мирлан Жээнчороев кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алса, кенемте төлөш керек экенин белгиледи.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан күч түзүмдөрүнүн 65 кызматкери коронавирус илдетин жуктурган, алардын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлери. (TSh)

XS
SM
MD
LG