Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 18-майдын кечинде жааган нөшөрлөгөн жаандан кийин айрым жерлерди суу каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, Биринчи май районунда жаан суусу үч турак үйдүн короосуна жана бир үйдүн жертөлөсүнө, Ленин районунда бир үйдүн короосуна кирген.
Чүй облусунун Аламүдүн районунда арыктан суу ашып, Пригородное айылындагы бир үйдүн короосун каптап кеткен.
Куткаруучулар жерине барып, тазалоо жана суунун нугун буруу иштерин жүргүзүшкөн. Адамдар жабыркаган жок.
ӨКМ 19-20-майда да республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал экенин эскертүүдө. (RK)