Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Базар-Коргондо катуу шамал эки үйдүн чатырын жарактан чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда катуу шамалдан эки үйдүн чатыры жарактан чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Базар-Коргон айылында 18-майдын кечинде катуу шамал көп кабаттуу турак үйдүн 12 даана темир чатырын (тунуке) учуруп кеткен.

Кеңеш айыл аймагынын Совет айылында бир үйдүн чатырына дарак кулап, шиферлерин сындырып кеткен.

Райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, кулаган даракты коопсуз жайга жылдырып беришти.

Адамдар жабыркаган жок.

ӨКМ 19-20-майда да Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун, айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши ыктымал экенин эскертүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG