Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүүчү сунуш карала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоого киришти.

Шайлоо босогосун тогуз пайыздан беш пайызга ылдыйлатуу каралган долбоорду депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев иштеп чыгышкан.

Шайлоо чеги тууралуу эки мыйзам долбоор сунушталган.

14-майдагы сессияда босогону тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү тууралуу башка мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн.

Бирок чекти жети эмес, беш пайызга түшүрүүнү сунуш кылган дагы бир долбоордун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев: «Биз бул мыйзам долбоорун 6-декабрда бергенбиз, сиз аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөттүңүз. Ал эми жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун сиз үч күндө комитетке жибердиңиз. Эмне үчүн андай эки башка мамиле жасалды?» деп спикерге нааразылык билдирген. Айрымдары эки мыйзамды бириктирип кароо тууралуу сунуш да өтпөй калганына нааразы болушкан.

14-майда биринчи окуудан өткөн документ «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору деп аталат. Биринчи окуудан кийин ал экинчи жана үчүнчү окууга киргизилиши керек. Демилгечи депутаттар аны 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоого чейин кабыл алууга үлгүрүш керек экенин айтышкан.

Бул мыйзам долбоору 7-февралда коомдук талкууга чыгарылган. Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG