Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:13

Аманбек Жапаровдун Нарын театры тууралуу китеби чыкты


Аманбек Жапаров М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын ээси болгон учур. 2-ноябрь, 2011-жыл.

Белгилүү театр режиссёру, драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер жана «Азаттык» радиосунун мурдагы кызматкери Аманбек Жапаровдун китеби «Нарын театрына 80 жыл» деп аталат.​

Автор тарыхый очерктен турган бул китепти театрдын 80 жылдыгына арнады. Бул тарыхый очеркте Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын 80 жылдык тарыхы жана театрдагы урунттуу окуялар, белгилүү артисттердин өмүр таржымалы тарыхый документтердин негизинде чагылдырылды.

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театры СССРдин Эл артисттери Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Капар Медетбеков, Сейитказы Андабеков сыяктуу даңазалуу актёрлордун, Медербек Назаралиев, Жалил Абдыкадыров, Бообек Ибраев, Алмаз Сарлыкбеков, Замира Акылаева сыяктуу таланттуу режиссёрлордун, Жумамүдүн Шералиев, Калыйбек Тагаев өңдүү чыгаан обончу-композиторлордун чыгармачылык өнөрканасына айланган.

Нарын театрынын түз​үлгөндүгүнүн 80 жылдыгы 2019-жылы белгиленди. (NT)

XS
SM
MD
LG