Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Германия Кыргызстанга 500 000 евро берет


2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.
2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоо учуру.

БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен Германия элчилигинин ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, немис өкмөтү 500 000 евро бөлүп берет.

Макулдашууга БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен жана Германиянын элчиси Моника Айверсен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда кол коюшту. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Каражат БУУ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы шайлоону колдоо» программасынын алкагында берилмекчи.

Программа аялуу топтордун, аялдардын, жаштардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, улуттук азчылыктардын жана мигранттардын добуш берүү укугун колдоого багытталган.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG