Саламаттык сактоо министрлигинин 19-майдагы маалыматына караганда өлкө боюнча COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 1243 киши болду. Алардын ичинен 27си акыркы суткада жаңы катталды. Илдет жуктургандардын аймактардагы эсеби төмөнкүдөй:
Бишкек - 316
Чүй облусу – 222
Ош облусу – 195
Нарын облусу – 194
Жалал-Абад облусу - 154
Ош шаары – 124
Баткен облусу – 25
Ысык-Көл облусу - 13
Талас облусу - 0.
Коронавирус жуккандардын ичинен 898 бейтап айыкты, 14 бейтап каза болду.
Кыргызстанда COVID-19 алгачкы жолу Сауд Арабиясына умрага барып келген үч жарандан табылганын Саламаттык сактоо министрлиги 18-мартта расмий жарыялаган.
Акыркы суткадагы маалымат боюнча дүйнөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны: 4 869 000 (+86 000, мурунку суткага караганда 14% аз).
Көз жумгандар: 319 000 (+3000, мурунку суткага караганда аз)
Айыккандар: 1 892 000 (+45 000, мурунку суткадагыдай көрсөткүч)