Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 01:45

ЖАМК: Ажиев бир кишилик камерада отурат, арыз-даттануусу жок


Сүрөт Даниел Ажиевдин «Инстаграмдагы» баракчасынан алдынды.

Интернетте айткан сөзү үчүн кармалган Даниел Ажиев бир кишилик камерада отурат. Бул тууралуу 19-майда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, өзүнчө камерада кармоо тууралуу өтүнүч менен ал өзү кайрылган.

ЖАМК «№1 тергөө абагынын администрациясына карата жана ден соолугуна байланыштуу андан эч кандай арыз, даттануу түшкөн жок» деп билдирди.

Быйыл март айында кармалган Ажиев соттун чечими менен 26-майга чейин камакта калтырылган. Ички иштер министрлиги ал Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Ажиев «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, колунда жокторго жардам көрсөтүп жатканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыгына катышканын эске салган, ага нааразылык билдирген бир нече видеосун да Интернетке жайылткан.

Ажиев камакка алынган соң анын апасы президентке кайрылып, уулун камактан бошотууну суранган.

18-майда адвокатынын аны ЖАМК Биринчи май райондук сотуна жеткирүүдөн баш тартып жатканы тууралуу билдирүүсү жарыяланган. ЖАМК анын иши сотко өтө элек экенин билдирди. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG