Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Мамдуманын алтынчы депутаты коронавируска чалдыкты


Орусиянын Мамлекеттик Думасы.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы алтынчы депутаттан өпкөнү сезгенткен коронавирус табылды. Бул тууралуу парламент спикеринин кеңешчиси Анастасия Кашеварова билдирди. Бирок ал COVID-19 илдетине чалдыккан эл өкүлдөрүнүн аты-жөнүн так атаган жок.

«Учурда Мамлекеттик Думанын алты депутатынын анализинен коронавирус табылды. Эки депутат айыгып чыкты. Экөө ооруканада жатат. Дагы экөө үй шартында дарыланууда», - деп жазды Кашеварова «Телеграмдагы» каналына.

Өткөн аптада Мамдуманын спикери Вячеслав Володин орус парламентинин төмөнкү палатасында беш эл өкүлү коронавирусту жугузуп алганын билдирген.

Буга чейин Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, курулуш министри Владимир Якушев жана маданият министри Ольга Любимова COVID-19га кабылганы ырасталган.

19-майдагы маалыматка ылайык, соңку бир сутка ичинде Орусияда 9263 кишиден коронавирус табылды. Эпидемия башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 299 941 кишиге жетти. 2837 бейтап жашоо менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG