Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Пакистандагы эки кол салуу жети аскердин өмүрүн кыйды


Белужистан провинциясынын Кветта шаары.
Белужистан провинциясынын Кветта шаары.

Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында эки кол салуудан кеминде жети аскер курман болду. Өлкөнүн армиясы 19-майда билдиргендей, түндө Болан аймагында аскерлердин автоунаасы өтүп баратканда жолдо катылган бомба жарылып, андан алты жоокер мерт болду. Кеминде төрт жоокер жараат алды.

Ошол эле провинциянын Кеч районундагы башка бир окуяда бир аскердин өмүрү кыйылды. Пакистандын армиясынын басма сөз кызматы аймакта «террорчулар» менен атышуу болгонун билдирди.

Пакистандын Ооганстан жана Иран менен чектешкен Белужистан провинциясында соңку бир нече ай ичинде коопсуздук күчтөрүн бутага алган чабуулдар көбөйдү. 8-майда бул провинцияда жолдо катылган дагы бир бомба жарылып, андан алты аскер мүрт кеткен.

XS
SM
MD
LG