Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Казакстанда вируска чалдыккандар бир күндө 311 адамга көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда соңку бир суткада коронавируска чалдыккан 311 адам аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 19-майда эртең менен кабарлады. Маалыматка ылайык, бир күн ичинде коронавирус табылган адамдардын 142си - Атырау облусунун тургундары. Мындан тышкары Алматы (24), Нур-Султан (36), Чымкент (31) шаарларында да ондогон адам вирус жугузуп алганы ырасталды.

Дүйшөмбү күнү да Казакстанда 283 адамдан COVID-19 илдети аныкталып, вируска чалдыккандардын жалпы саны 4,6% көбөйгөнү белгилүү болгон. Саламаттык сактоо министрлиги вируска кабылгандардын көбөйүшүн калкты жапырт тесттен өткөрүү аракети менен түшүндүргөн.

Казакстанда 13-марттан бери өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын жалпы саны 6751 адамга жетти. 3469 бейтап айыгып чыкса, 35 киши кайтыш болду.

XS
SM
MD
LG