Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Жол курулушуна кеткен чыгым негизсиз көбөйүп жатканы айтылды


Жол курулушу. Тогуз-Торо.
Жол курулушу. Тогуз-Торо.

Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 19-майдагы жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров жол курууга кеткен чыгымдар негизсиз кымбаттатылганын айтып чыкты. Буга ал бир катар жолдорду мисал келтирди.

«45 чакырымды түзгөн «Бишкек – Кара-Балта» жолунун бир чакырымына бир миллион 560 миң 886 доллар жумшалууда. Жолдун курулушу бир жылга кечеңдеп, долбоор баштапкы суммасынан дагы жети миллион долларга кымбаттап атат. Долбоорлордун баарында көйгөй бар. 67 чакырымды түзгөн «Маданият – Жалал-Абад» жолун куруу үчүн компания тендерден 72 миллион долларга утуп алып жатат. Жолдун бир чакырымы бир миллион 74 миң 626 долларга жасалып атат»​,- деген Төрөбай Зулпукаров тендерлерди өткөрүүдөгү коррупциянын алдын алууга чакырды.

Жыйында транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов өлкөдөгү жолдорду куруу долбоорлору тууралуу депутаттардан келген тогуз протоколдук тапшырма боюнча маалымат берди. Министр депутаттардан түшкөн сунуштар эске алына турганын айтты.

Кыргызстанда жол курулуштарына кеткен чыгымдар ашыра көрсөтүлөрү тууралуу сын буга чейин да айтылып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG