Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Өкмөт уруксат берилчү ишкана-мекемелердин кезектеги тизмесин жарыялады


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

21-майдан тартып Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө уруксат бериле баштайт. Бул тууралуу 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, 21-майдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматынын, курулуш, тиричилик жана башка тармактардын калкты тейлөө, каттоо борборлору ачылат.

Мындан тышкары:

- Эмерек кураштыруу жана оңдоо ишканалары,

- Соода борборлору (балдар ойноочу аянтчаларын, тез татым жайларын кошпогондо),

- Азык-түлүк эмес товар сатылуучу бардык жайлар,

- Автобазарлар,

- Мал базарлары,

- Жеке репетиторлук кызмат,

- Менчик жана үй-бүлөлүк мончолор (сауналарды жана коомдук мончолорду кошпогондо),

- Мейманканалар (ичиндеги бассейн жана спортзалдар азырынча иштебейт) ачылат.

Ал эми 25-майдан тартып:

- Кийим-кече сатуучу базарлар,

- Тез татым жайларын кошпогондо жайкы кафелер жана ресторандар (50 орундуктан ашык эместери, коноктор арасында 1,5-2 метр аралык так сакталышы зарыл),

- Театр, музей, көргөзмө залдары жана галереялар, китепканалар жана маданий агартуу жайлары;

- Шаар ичинде каттаган автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар иштей баштайт.

18-мартта Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталып, алгач өзгөчө кырдаал, кийин өзгөчө абал режими киргизилгендиктен дээрлик бардык ишкана-мекемелердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган.

Учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө кырдаал тартиби күчүндө турат.

Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG