Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Жамшитов: чет жактан 144 киши экстрадицияланды 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы башка мамлекеттердин түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан 144 киши Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 19-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде былтыр аткарылган иштер жөнүндө отчёт берип жатып билдирди.

Жыйында депутат Жыргалбек Турускулов чет мамлекеттерде ар кандай себептер менен түрмөгө түшүп, жазасын өтөп жаткандар көп кайрылып жатканын айтты. Ал ушул багытта Башкы прокуратуранын аракеттерине кызыкты.

Жамшитов «кайрылган жарандарга укуктук жактан жардам берилип жатат» деген жооп кайтарды. «Ар бир кайрылууну мыйзам чегинде карап, биздин жарандарды алып келүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп жатабыз», - деди ал.

2018-жылы чет мамлекеттерден 124 кыргыз жараны экстрадиция болгон. Расмий маалыматка караганда, ушу тушта бөтөн өлкөлөрдүн жаза өтөө жайларында түрдүү себептер менен камалып кеткен кыргызстандыктардын саны 2 миңге чукул. Алардын көбү Орусияда. (NT)

XS
SM
MD
LG