Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Текшерилген жайлардын дээрлик жарымы санитардык эреже сактабай иштеп жатканы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда карантин шартында иштөөгө уруксат берилген мекеме-ишканалардын арасында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандар кездешүүдө. Бул тууралуу 19-майда онлайн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, текшерилген жайлардын дээрлик жарымы эреже сактабай жатканы аныкталды.

«Санитардык кызматтын 18-майга карата маалыматына караганда, 5030 объект текшерилип, 2441ине санитардык эскертүү берилди. Алар талапты туура эмес же так аткарбай койгондор. 455 протокол түзүлүп, 439 материал тиешелүү тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилди».

Коронавирус коркунучунан улам өлкө азыр өзгөчө кырдаал шартында жашап жатат. Дээрлик бардык мекеме-ишканалар жабылып, май айынан тартып аларга этап-этабы менен кайрадан уруксат берилүүдө.

21-майдан жана 25-майдан тартып шаар ичинде каттаган коомдук автоунаанын бардык түрү, кийим-кече, машине, мал сатылуучу базарлар, мончолор жана башкалар иштей баштайт.

Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG