Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Өзбекстан тил мыйзамы боюнча Орусиянын өкүлүнө жооп берди


Өзбекстандын туусу.
Өзбекстандын туусу.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик органдарды иш кагаздарын жалаң өзбек тилинде жүргүзүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоору боюнча Орусияда айтылган пикирлерге жооп кайтарды.

«Мамлекеттик тил тармагын көзөмөлдөөгө байланышкан маселелер мамлекеттин ички саясатынын өзгөчө укугу болуп эсептелет жана сырттан кийлигишүүгө жол берилбейт», - деп жазылган билдирүүдө.

Өткөн жумада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Өзбекстандагы бул мыйзам долбоорунун тарапташтары «азчылыкты түзөрүн» билдирген. Өзбек тараптын 18-майда жарыяланган билдирүүсүндө Захарованын аты-жөнү айтылган эмес. Бирок «айрым чет өлкөлүк аткаминерлер» деген сөздөр колдонулган.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөдө жашаган башка улут өкүлдөрүнө «эне тилин окууга, ал тилди билим алууда жана мамлекеттик органдарга кайрылууда тоскоолдуксуз колдонууга кепилдик берилерин» билдирди.

Апрель айында Өзбекстандын Юстиция министрлиги мамлекеттик иш кагаздарын өзбек тилинде жүргүзбөгөн тараптарга айып салууну караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

XS
SM
MD
LG