Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:10

Нарындын вице-мэринен коронавирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 18-майда Нарын облустук бириккен ооруканасына COVID-19 диагнозу менен Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык деп айтышууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Нарын облусунун тургундарына кайрылып, максатсыз көчөгө чыкпоону суранды.

Нарын облусу боюнча коронавирус менен ооруган 194 киши бар. Облус боюнча обсервацияда 126 адам турат, анын ичинен 42си медкызматкер. Коронавирус илдети аныкталгандар менен байланышта болгондордун саны – 1400, үй карантининен 545 адам чыгарылып, 664 адам медициналык кароодо турат. Аймакта беш көчмө топ иштеп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG