Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 19-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде 2019-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө отчёт берип жатып бир катар чуулгандуу иштер боюнча шектүүлөр тергөө менен кызматташууга макул болгонун кабарлады.
Жыйында депутат Руслан Чойбеков: «Кайсы кылмыш иштери боюнча канча киши тергөө менен кызматташып жатат?» деп суроо узатты.
Башкы прокурор кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Кой-Таштагы окуя, Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу, Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча кылмыш иштерине айыпталып жаткан шектүүлөр тергөө менен кызматташып жатканын айтты. Бирок алардын аты-жөнүн атаган жок.
Маалыматка караганда, тергөө менен кызматташууга негизинен коррупциялык иштерге шектүүлөр макул болушат. (NT)