Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Азимжан Аскаровдун соту 1-июнга белгиленди


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

2010-жылдагы июнь окуяларына айыпталып өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата жазган доо арызы 1-июнда каралмай болду. Бул тууралуу анын жактоочусу Валерьян Вахитов «Азаттыкка» маалымдады.

Жактоочунун айтымында, Бишкектин район аралык соту жоюлуп кеткендиктен, учурда кайсы соттон каралаары чечиле элек. «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова соттон маалымат күтүп жатканын, кошумча маалымат берилээрин билдирди.

Аскаров «кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске албай жатат» деп Бишкектин район аралык сотуна арызданган. Сот 11-майга белгиленип, бирок район аралык сот жоюлуп кеткенине байланыштуу каралбай калган.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет. Аскаров өзү күнөөсүз экенин билдирип жүрөт. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG