Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

ЖОЖдор менен орто окуу жайларынын көпчүлүк студенттери экзаменди аралыктан тапшырат


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку (ЖОЖ) жана орто окуу жайларында дипломдук иштерди жактоо жана мамлекеттик экзамендерди өткөрүү боюнча буйрук чыгарды. Ага ылайык, бардык экзамендер онлайн түрүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Бирок маданият, искусство, дене тарбия, спорт адистиктери жана Ички иштер министрлигинин академиясынын бүтүрүүчүлөрү тиешелүү окуу жайына келип мамлекеттик экзамен тапшырат. Ал студенттер атайын жадыбалдын негизинде санитардык талаптар менен экзамен тапшырышы керек.

Ал эми экинчи курстун стунденттери үчүн кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан географиясы, тарыхы боюнча мамлекеттик экзамендер 2020-жылдын күзгү семестрге жылды.

Кырдаалга байланыштуу ар бир окуу жайында мамлекеттик аттестациялык комиссия түзүлүп, экзамендерди өткөрүү боюнча нускамалар даярдалат. (TSh)

XS
SM
MD
LG