Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Бишкектеги обсерватордон чыр менен чыккандардан 51 киши Таласта обсервацияга жаткырылды


Талас.

Бишкектин четиндеги «Семетей» обсерваторунан чыккан 541 кишинин 51и Талас облусунун тургундары болгон. 51 адам Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн басма сөз кызматкери Бакай Абдымалик «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, алардын колунда буга чейин эки жолу ПЧР-анализ алынып, «таза» деген маалымдамасы болгон. Бирок коопсуздук үчүн Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылды. Алардан кошумча ПЧР-анализдер алынып, обсервацияга беш күн жаткырылат.

Бакай Абдымалик социалдык түйүндөрдөгү «бийлик өкүлдөрү обсервацияга алынгандарды сабады» деген маалыматты төгүндөдү. Республикалык штаб 51 кишинин арасынан бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ кыйынчылык жаратканын маалымдаган. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 адам жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болгон.

Буга чейин «Семетейде» Орусиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен 7-майда кайтарылып келген 541 эмгек мигранты кармалып турган. 19-майга чейин алардын 104үнөн коронавирус табылды. Калгандарынын 19у калтырылып, анализи эки жолку текшерүүдөн кийин тазаларынын баары үй карантинине чыгарылып жатканы белгилүү болду.

17-майда «Семетейде» кармалып жаткандар чуу чыгарган видео Интернетте тараган болчу. Саламаттык сактоо министрлиги окуя учурунда ошол жердеги «Тез жардам» автоунаасынын айдоочусунун кийими айрылганын билдирген.

Нааразылыкка чыккандар алар негизсиз кармалып жатканын айтып, коё берүүнү талап кылышкан. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG