Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы өзгөчө кырдаал шартын аткарбагандарды аныктоо максатында рейд жүргүзүп жатканын маалымдады.
19-май түнү Ленин районунун ыкчам тобу "Кара-Суу" чайканасы иштеп жатканын аныктаган. Мэриянын маалыматына ылайык, чайкананын бардык бөлмөлөрү эс алуучуларга толуп, кызматкерлер толук курамда иштеп жатышкан. Кафенин ээси Конгантиева тааныштарын тосуп жатканын айтып түшүндүргөн. Факт Тартип бузуу кодексинин 293-беренеси ("Аткаруу тартибинин чечимин бузуу, көрсөтмө, тескеме же ыйгарым укуктуу органдын талаптарын бузуу") менен протокол түзүлдү. Протоколдун негизинде 13 миң сом айып салынат.
Ушул күндөрү санитардык рейддер уланууда. Мэриянын санитардык-экологиялык кайгуул кызматы шаардыктарды чайканаларда топтолгондор боюнча маалымат берүүгө чакырат.
Байланыш телефондору: 0(312) 65 81 59, 0 705 564 756;
Биринчи май району: (0555) 404 818;
Свердлов району: (0551) 551 745;
Октябрь району: (0500) 210 470;
Ленин району: (0500) 085 580.
Буга чейин өкмөт 5030 объект текшерилип, 2441ине санитардык эскертүү берилгенин маалымдаган. Коронавирус коркунучунан улам өлкө азыр өзгөчө кырдаал шартында жашап жатат. Дээрлик бардык мекеме-ишканалар жабылып, май айынан тартып аларга этап-этабы менен кайрадан уруксат берилүүдө.
21-майдан жана 25-майдан тартып шаар ичинде каттаган коомдук автоунаанын бардык түрү, кийим-кече, машине, мал сатылуучу базарлар, мончолор жана башкалар иштей баштайт.