Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Макрондун «Алга, Республика» фракциясынан 17 депутат чыгып кетти


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Франциянын президентти Эммануэл Макрондун партиясы Улуттук жыйындын төмөнкү палатасында көпчүлүктү түзбөй калды. Президенттин «Алга, Республика» партиясынан 17 депутат чыгып, «Экология, демократия, тилектештик» деп аталган парламенттик топ түздү. Аны Матьё Орфелен жетектейт.

Президенттин партиясынан парламентте 288 депутат калды. Былтыр алар 314 киши болчу. «Евроньюс» Макрондун тарапташтары парламентте көпчүлүктү түзүш үчүн бир депутат жетпей калганын кабарлады. Бирок бул чечүүчү маселе добуш берүүдө байкалбашы мүмкүн. Анткени Макрон 46 депутаты бар «Демократиялык кыймыл» фракциясынан колдоо күтөт.

Макрондун партиясынан 17 кишинин чыгып кеткенине мамлекет башчынын популярдуулугу төмөндөп жатканы себеп болушу мүмкүн. Акыркы эки жылдан бери президенттин сакчыларынын биринин жүрүм- туруму, андан мурун «сары кемселчендердин» акциясы жана өкмөттүн пенсия боюнча реформалары сынга кабылган.

Ошондой эле пандемияга байланыштуу бийликтин чектөө чаралары Эммануэл Макронго саясий упай алып келген жок.

XS
SM
MD
LG