Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

АКШнын башкы прокурору «Apple» компаниясын Кытай жана Орусия менен кызматташканы үчүн сындады


Уильям Барр.
Уильям Барр.

АКШ башкы прокурору Уильям Барр «Apple» компаниясын «Кытай жана Орусия мамлекеттери менен кызматташат» деп сындады. Баррдын айтымында, компания бул мамлекеттердин авторитардык режиминдеги бардык талаптарды аткарууга даяр болуп, цензурага кол кабыш кылып жатат.

Барр АКШнын Флорида аскер базасында ок аткан сауд арабиялык курсанттын телефонун «Apple» бөгөттөн чыгаруудан баш тартып койгонун айтып берди. Анда курсанттын огунан үч киши каза болгон. Башкы прокурор АКШ президенти Дональд Трамп компаниядан жардам берүүгө өтүнгөнүнө карабай ишкана баш тартканын белгиледи. Ошол эле маалда башкы прокурордун айтымында, «Apple» кытай жана орус бийлиги менен иштешип, дата-борборун көчүрүү менен массалык аңдууга мүмкүнчүлүк түзгөн.

«Apple» компаниясы башкы прокурорго жооп берип, аскер базасындагы окуяда бийликке бардык маалыматтарды бергенин билдирди. Компания колдонуучулардын сыр сөзүн сактабаганын жана корголгон аппаратты бөгөттөн чыгара албай турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG