Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Илимий макаласын эл аралык журналга жарыялоону каалагандар үчүн вебинар өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Онлайн университет» платформасы Кыргызстандын илим тармагындагы актуалдуу маселе боюнча кезектеги вебинарын өткөрүүдө.

Бул жолу «Илимий журналдарды баалоо: «жырткыч» журналдардан сактануу» деген тема тандалып алынды.

Уюштуруучулардын айтымында, вебинар заман талабына ылайык абройлуу журналдарды кантип тапса, сапатын кантип текшерсе болору тууралуу маалымат берет.

Вебинардын спикери, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбековдун айтымында, «азыркы убакта дүйнө жүзүндө 100 миңден ашык илимий журнал бар. Бирок алардын заман талабына ылайык сапатын, деңгээлин текшерүү илимпоздорго суроо жаратып келет».

Докторлук, кандидаттык диссертация жакташ үчүн же доценттик, профессорлук наам алыш үчүн эл аралык журналдарга илимий макала чыгаруу талабы бар. Бирок айрым илимий журналдар «жырткыч» сымал болуп, ишин бизнеске айлантып алган, илимпоздор аларга алданып калган, эмгени текке кеткен учурлар жок эмес.

«Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат. (RK)

XS
SM
MD
LG