Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Кыргызстандык авиакомпанияларда 33 учак бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык авиакомпаниялар 33 учакка ээлик кылат. Мындай маалыматты Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев парламенттин 20-майдагы жыйынында билдирди.

Депутаттар 2001-жылы Кейптаунда кол коюлган авиациялык конвенцияны карап жатышат. Кыргызстан бул келишимге 2016-жылы кол койгон.

Буга чейин Жарандык авиация агенттиги Кыргызстанда каттоодон өткөн 30дан ашык учактын тогузу гана иштеп жатканын билдирген. Калганы колдонууга жараксыз, айрымдары оңдоп-түзөөгө берилген.

Мындан тышкары, «Аэростан» деген ишкана тик учактарды тейлейт. Анда каттоодон өткөн 9 тик учактын алтоо жарактуу.

Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европа Биримдигинин кара тизмесинен чыга элек. (NT)

XS
SM
MD
LG