Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Депутат Акаев: премьер жыштык сатуудагы коррупция боюнча жооп берсин (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин козгоду.

Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин» деген талап койду.

«Бул премьер-министрдин уруксаты жок болбойт. Укук коргоо органдары тез арада буга премьер-министрдин катышы барбы же жокпу, иликтеши керек», - деди Жанарбек Акаев.

Өкмөт жана күч органдары депутаттын билдирүүсүнө азырынча жооп бере элек.

Мындан мурда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалган.

Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган. (NT)

XS
SM
MD
LG