Кыргыз-тажик чек арасында ок тийген жоокер Султанбек уулу Мирбектин абалын дарыгерлер дагы эле туруктуу оор деп баалап жатышат. Анын абалында жалпысынан жакшы динамика бар экени айтылды.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Тилек Үмөталиев 20-майда «Азаттыкка» билдиргендей, чек арачыга эки жолу операция жасалган, андан кийин жаңы операция болгон жок. Биринчиси Баткенден, экинчиси Бишкекке келгенде ичегисинен жасалган.
Үмөталиевдин айтымында, азырынча бейтап төшөктөн тура элек.
«Азыр деле туруктуу оор. Эсинде эле. Тамак ичип, сүйлөйт. Динамикасы оң», - деди ал.
Султанбек уулу Мирбектин омурткасына ок тийген болчу.
14-майда жарадар жоокердин туугандары аны Орусиядан дарылатууну суранып жатышканы парламентте айтылган.
Ал эми көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы абалы жакшы болуп калгандыктан азыр ооруканадан чыгууга даярдалып жатканы маалым болду.
Мамлекеттик чек ара кызматынын 8-майда Баткенде чек ара окуясында жарадар болгон үч жоокери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген.
Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген. (RK)