Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Оштун тургуну беш жашар кызына улгайган киши «ыплас мамиле кылганы» жөнүндө арыз жазды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын Төлөйкөн кичирайонунун тургуну шаардагы автоунаа жуучу жайлардын биринде тааныш киши беш жашар кызына карата «ыплас мамиле» кылганын айтып арыз жазган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын маалыматына караганда, окуя 17-май күнү болуп, ошол эле күнү жабырлануучунун апасы арыз менен кайрылган.

«Апасы «1956-жылы туулган жаран кызыма карата ыплас мамиле кылды» деп арыз менен кайрылган. Бул Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 165-беренеси менен («Ыплас аракеттер») катталган. 1956-жылы туулган жаран күбө катары суралган. Соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-психологиялык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат».

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексининин 165-беренеси («Ыплас аракеттер») - билип туруп 16 жашка жете элек адамга карата жыныстык байланышка кирбестен ыплас мамиле кылуу. (DU)

XS
SM
MD
LG