Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Мукар Чолпонбаевдин абалы дагы эле оор


Мукар Чолпонбаев. Архивдик сүрөт.
Мукар Чолпонбаев. Архивдик сүрөт.

Коомдук жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин абалы дагы эле оор. Бул тууралуу 20-майда «Азаттыкка» Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Чолпонбаевге коронавирус жугуп, бул ооруканага 5-майда жаткырылган. Абалы жакшы болбогондуктан 12-майда реанимацияга которулган.

Аалиевдин айтымында, ага жасалма дем алдыруу аппараты коюлган.

«Оор деп эле баалап жатабыз. Динамикасы боюнча айтсак, анализдеринин кээ бир көрсөткүчтөрү жакшы. Бирок өзү дем ала албай, аппаратта. Реанимацияда», - деди ал.

70 жаштагы Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы болгон.

Коронавирус анын байбичесине да жуккан. Дарыгерлер анын абалы жакшы экенин айтышкан.

Жалпысынан 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыгып кетти. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG