Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

COVID-19: Балдар онкологиясы бөлүмү карантинге алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге алынды. Бул тууралуу 20-майда «Азаттыкка» борбордун директору Эрнис Тилеков билдирди.

Анын айтымында, небересин карап жаткан бир чоң эне ооруканадан 4-майда чыгып кеткен, 16-майда андан жашаган жеринен (Панфилов району) коронавирус табылган. Ошого байланыштуу бөлүмдөгүлөрдүн баарынан, жалпысынан 120 адамдан анализ алынды.

«Бөлүмдүн кызматкерлеринен, ошол жерде дарыланып жаткандардан, ата-энелерден анализ алынды. Жыйынтыгын эртең алабыз деп жатабыз. Бөлүмдү карантинге алдык, эч ким кирбейт, чыкпайт. Дарылоо иштери уланып жатат», - деди ал.

Тилеков жаңы бейтаптар башка бөлүмгө кабыл алынып, чоңдор дарылануучу бөлүмдөрдүн иши кадимки тартипте уланып жатканын, бирок аларда да санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн айтты. Ал эми балдар бөлүмүндөгүлөрдү обсервацияга алуу же албоо маселеси анализдин жыйынтыгына жараша болорун кошумчалады:

«Таза чыккандар обсервацияга алынат, ал эми вирус табылган бейтаптар дарылануусун ошол эле жерде улантат».

Балдар бөлүмү онкологиялык илдетке чалдыккан 40 баланы дарылоого ылайыкташкан.

Жалпысынан 20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG