Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Казакстан чек арадагы кыргыз жарандарын өткөрүүгө макул болду


Соль-Илецк шаарынан кайткан кыргызстандыктар отурган автобустар. 7-май, 2020-жыл.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги орус-казак чек арасында топтолуп турушкан кыргызстандыктарды өз аймагы аркылуу өткөрүп берүүгө макул болду. Министрлик буга Кыргызстандын элчилигинин кайрылуусу негиз болгонун 18-майда расмий сайтына жазды. Макулдук «жүргүнчү транспортун камсыз кылуу» шарты менен берилген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маалыматты ырастап, казак бийлиги дагы эле атайын автобустар менен гана өткөрүүгө макул болуп жатканын билдирди. Учурда маселенин техникалык өңүтү такталып жатканы, адамдар өткөрүлчү так күнү азырынча белгисиз экен маалым болду.

Ошол эле учурда Оренбургдан «Тез Жет» компаниясынын 164 орундуу учагы кош бойлууларды, улгайгандарды, жаш балалууларды жана дарылануу үчүн баргандарды алып, 20-майда учары пландалып жатканын Орусиядагы кыргыз элчилиги маалымдады.

Учурда «Оренбург - Самара» кан жолунун боюнда мекенге кайтууну көздөгөн 470тен ашуун кыргызстандык чатырларда, машинелерде же ачык асман алдында түнөп жатышат. 7-майда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан автобус менен 541 кыргызстандык мекенине жеткирилген.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG