Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

100гө жакын окуучу «Илим кыз» интерактивдүү мектебинде онлайн окуп жатат


Архивдик иллюстрациялык сүрөт.
Архивдик иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 100гө жакын окуучу кыз «Илим кыз» интерактивдүү мектебинде онлайн окуп жатат. Долбоордун уюштуруучулары - «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.

6-майдан башталган мектеп өз ишин 25-майда жыйынтыктайт. Илимге кызыккан, 10-11-класстын окуучу кыздары техникалык англис тили жана компьютердик сабаттуулук сабактарына, IT багыты боюнча мастер-класстарга катышууда.

Алар тамак-аш технологиясы, биомедициналык инженерия, кездеме жана булгаары технологиясы, машина куруу, электроэнергетика жана айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу маалымат алып, бул багытта ийгиликке жетише алган мекендештери менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн да алышат.

Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган «Илим кыз» долбоору 2015-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Максаты - Кыргызстанда кыздардын илим багытындагы кесипти тандоосуна багыт берүү. Аялдардын жана кыздардын илим жана техника чөйрөсүндөгү билим деӊгээлин жогорулатуу максатын көздөгөн СТЕМ "Илим кыз" долбоорун «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фонду жүзөгө ашырып келет.

Дүйнөлүк экономикалык иликтөөлөрдө айтылгандай, келечекте илимге, математикага, инжнерликке, технологияларга байланышкан кызматтар эң бааланган жана жогорку акы төлөнгөндөр болот. (RK)

XS
SM
MD
LG