21-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жана Нарын облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 7…12 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 25…27 градус болот.