Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Кембриж университетинде онлайн окуу кийинки жылы да уланат


Кембриж университети.
Кембриж университети.

Коронавирус пандемиясынан улам Улуу Британиядагы атактуу Кембриж университетинде онлайн билим берүү 2021-жылдын жайына чейин улана турган болду. Дүйнөдөгү эң байыркы жана кадыр-барктуу университеттердин бири мындай чечимин шейшембинин кечинде жарыялады.

«Социалдык обочолонуу эрежесин сактоо боюнча талап кала берчүдөй болуп турган шартта университет кийинки академиялык жылда жүзмө-жүз лекциялар болбойт деген чечимге келди. Лекциялар онлайн түрүндө уланат», деп айтылат билдирүүдө.

Кембриж университети быйыл март айында Британияда коронавирус күч алган учурда лекцияларды токтотуп, студенттерге онлайн режимде билим берүүгө өткөн. Аталган университет кийинки жылы чакан топторго эрежелерди сактоо тууралуу талап менен окуу жайына келүүгө мүмкүнчүлүк берилерин билдирди.

Дүйнөлүк экономикалык форум пандемия билим берүү тармагын толугу менен өзгөртүшү мүмкүн экенин билдирген. Анын маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирус 1,5 миллиарддай мектеп окуучуларына, жогорку окуу жайларынын студенттерине жана бала бакчага баргандарга таасирин тийгизди.

XS
SM
MD
LG