Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Мураталиев: Таласка ким келсе да обсервацияга алынат


Талас шаары.
Талас шаары.

Учурда Талас облусу боюнча 95 киши обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев 20-майдагы онлайн брифингде маалымдады. Анын айтымында, 20-майга карата маалыматка ылайык, буга чейин обсервациядан 603, үй карантининен үч миңден ашык адам чыгарылган.

Мураталиев Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерди обсервацияга жаткыруудагы окуя боюнча комментарий берип, дарыгерлердин алгоритми аткарылганын билдирди.

«Ал жерде эч ким сабалган жок. Түшүндүрүү иштеринен кийин баары эле обсервацияга жатышты. Ичинен төрт-беш бир тууган көнбөй койгондо укук коргоо органдары менен алып кирдик. Ким болсо да ага ушундай талап коюлат. Анткени өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Таласты таза кармап турган маалда белгиленген алгоритмден чыкпашыбыз керек. Негизги талапты баары аткарышы керек», - деди Мураталиев.

Учурда облус боюнча беш миңдей ПЧР-тест, 15 миңден ашык экспресс-тест алынып, алардын баары таза чыкты.

Бишкектин четиндеги «Семетей» обсерваторунан чыккан 541 кишинин 51и - Талас облусунун тургундары. Алар 19-майда Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынган. Алардын айрымдары обсервацияга кыйнап жаткырылып жатканына арызданышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG