Кыргыз өкмөтүнө караштуу майыптар иштери боюнча кеңеш түзүлүп, анын жобосу бекитилди. Бул тууралуу чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Түзүлгөн кеңеш майыптардын маселелерин чечүү, аларга жардам берүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуучу жана кеңеш берүүчү туруктуу коллегиялык орган болмокчу.
2011-жылдын 21-ноябрында Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясында Кыргызстан Майыптар укуктары жөнүндө конвенцияга кошулган. 2019-жылы 13-мартта президент Сооронбай Жээнбеков «БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койгон.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын 30 миңге жакыны 18ге чыга элек. Укук коргоочулар өлкөдө майыптарга жетиштүү кам көрүлбөгөнүн айтып жүрүшөт. (TSh)