Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:34

Навальный Конституцияны өзгөртүүгө каршы добуш берүүгө чакырды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиядагы Коррупция менен күрөшүү фондунун башчысы Алексей Навальный «Азаттыктын» орус кызматына берген интервьюсунда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүүгө катышпай турганын билдирди. Оппозиционер орусиялыктарды добуш берүүгө катышпоого чакырды.

Навальный пандемияга жана карантиндик чектөөлөргө карабай бийлик добуш берүү күнүн 24-июнда өткөрүүгө аракет кылып жатканын сындады. Навальныйдын пикиринде Мамлекеттик Дума жана Федерация Кеңеши электрондук добуш берүүгө жол ачкан мыйзамды шашылыш кабыл алды.

Саясатчы мындай форматтагы добуш берүүнү көзөмөлдөө мүмкүн эмес деп эсептейт. Оппозиционер көптөгөн орусиялыктар аргасыздан шайлоого бара турганын белгилеп, аларды өзгөртүүгө каршы добуш берүүгө чакырды.

Орусияда Мамлекеттик Дума 11-мартта үчүнчү окууда Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Оппозиция Баш мыйзамга өзгөртүү кирсе, Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат деп сындап чыккан.

Буга чейин Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөргө добуш берүү 22-апрелге белгиленген, бирок пандамияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

XS
SM
MD
LG