Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Бир жарым айда доллар кайра 10 сомго арзандады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда доллардын расмий курсу болжол менен 1,5 ай ичинде 10 сомго төмөндөдү. Улуттук банк 21-майга карата доллардын курсун 75 сом 69 тыйын деп аныктады.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган.

19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарган.

Доллар кымбатташына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG