Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

Масалиев депутаттык мандатын тапшыра турганын жарыялады (видео)


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Парламенттин 21-майдагы жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялады. Ал өз чечимин коомчулукта өкмөттүн, парламенттин, спикердин ишин сындагандар көп экени менен түшүндүрдү. Жогорку Кеңеш, өкмөт бардык депутаттарга текши мамиле кылбай жатканын айтты.

«Өкмөттүн тоготпогон мамилесин сезип атам. Мен төрт жолу депутат болуп шайландым. Бирок 15 жыл ичинде минтип мыйзамды четке кагып койгон учурду көрө элек элем. Жогорку Кеңешке айтылган мынчалык сын-пикирди уга элекмин. Бул чоң жетишпестик».

Масалиев спикерди өкмөттү жактоону токтотууга чакырды.

«Жогорку Кеңештин төрагасы сын-пикирлерди чычалабай туура кабыл алышы керек. Сиз кээ бир учурда депутаттарды кагып-силкип, өкмөткө адвокат болуп алдыңыз. Бул - сиздин ишти билбегениңиз, кемчилигиңиз».

Масалиев мандатын 25-майда токтоторун билдирди. Жыйында спикер Дастанбек Жумабеков Исхак Масалиевдин туулган күнү экенин айтып, аны куттуктады.

«Баарыбыз - эл тарабынан шайланып келген депутаттар, эл өкүлдөрүбүз. Алтынчы чакырылыштын ишине эл өзү баа берет. Тарых көрсөтөт»,- деген спикер Жумабеков Масалиевге ийгиликтерди каалады.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында Масалиев баштаган топ иштеп чыккан шайлоо босогосун тогуз пайыздан беш пайызга ылдыйлатуу тууралуу мыйзам долбоорун четке каккан.

14-майдагы сессияда босогону тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү тууралуу башка мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн.

Бирок чекти жети эмес, беш пайызга түшүрүүнү сунуш кылган долбоордун демилгечилери «парламентте кош стандарттуулукка жол берилип, регламент бузулуп жатат» деп нааразылык билдиришкен.

Парламент төрагасы «мыйзам долбоорлору регламентти бузуу менен киргизилип жатат» деген сынды четке каккан.

Мындай талаштан кийин долбоорду экинчи окулушунда тармактык комитет карап, бирок өтпөй калган.

Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев - Жогорку Кеңештин экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана алтынчы чакырылыштарынын депутаты. (NT)

XS
SM
MD
LG