Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Ветинспекция: Ысык-Көлдө жылкыларга коронавирус жукканы жөнүндө маалымат жалган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Ысык-Көлдө жылкыларга коронавирус жукту» деген маалымат жалган, бул илдет жылкыга жукпайт. Бул тууралуу 21-майда «Азаттыкка» Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, Түп жана Тоң райондору боюнча жалпысынан төрт жылкынын анализи лабораториялык текшерүүдөн өтүп, сасык тумоо жана ринопневмония деген ылаңдар табылды.

«Кыргызстанда жылкынын 70-90% адатта адам ооругандай эле сасык тумоо менен ооруп, айыгып кетет. Жөткүрөт. Айыккандан кийин канында антителолор калат. Төрт жылкыны изилдедик, бирөөнөн сасык тумоонун белгилери, калгандарынан ринопневмония табылды. Эч кандай коронавирус жок. Коронавируска жакыныраак вирустук артрит деген оору болот. Ага да текшерттик, анализдери таза чыкты», - деди ал.

Жумаканов ринопневмониядан жылкы өлбөй турганын, бул ылаңдын вакцинасы базарда бар экенин, бирок малчылардын көбү аны сатып албай, эмдебей жүргөнүн айтты.

Бир нече күндөн бери социалдык түйүндөрдө жөткүрүп жаткан бээ жана короодо кулап калган дагы бир жылкы тартылган видеолор тарап жатат. Андагы адам «жылкыга коронавирус жуккан болушу мүмкүн, кээ бир жылкылар өлүп жатат» деп айтканын угууга болот.

Кыргызстанда, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын расмий маалыматына караганда, миллионго жакын жылкы бар. (RK)

XS
SM
MD
LG