Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-декабрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 06:57

Мамкаттоонун тейлөө борборлорунда эл көп топтолуп жатат


Жарандарды тейлөө борборуна кезекке тургандар. 21-май, 2020-жыл.

Бишкекте Мамлекеттик каттоо кызматынын карантинден кийин жаңы ачылган тейлөө борборлорунда бүгүн эл өтө көп топтолду.

Социалдык түйүндөргө чыккан видео, сүрөттөрдөн кээ бир борборлордун кире беришинде уруш чыкканын да көрүүгө болот. Ал эми ичинде, адамдар кезек менен киргизилип жаткандыктан, анча топтолгондор жок.

Жарандарды тейлөө борборуна кезекке тургандар. 21-май, 2020-жыл.
Жарандарды тейлөө борборуна кезекке тургандар. 21-май, 2020-жыл.

Ушундай эле көрүнүш «Унаа» мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүндө да байкалууда.

Бишкектеги №3 калкты тейлөө борборунун жетекчиси Самат Иманкулов «Азаттыкка» билдиргендей, эл мурдагыга салыштырганда бүгүн төрт-беш эсе көп келип жатат.

Өкмөт коронавирустан сактаныш үчүн адамдардын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыкты сакташ керек экенин билдирген.

Жарандарды тейлөө борборуна кезекке тургандар. 21-май, 2020-жыл.
Жарандарды тейлөө борборуна кезекке тургандар. 21-май, 2020-жыл.

Коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам башка ишкана-мекемелер сыяктуу эле Мамкаттоонун элди тейлөө борборлору да убактылуу жабылган болчу.

21-майдан тартып алар кайра иштей баштады. Бул борборлордо жарандардын өзүнө, мүлкүнө байланыштуу документтин бардык түрү берилет.

Мамкаттоо Бишкекте эки кошумча жаңы тейлөө жайы ачылганын маалымдаган.

Жалпысынан 21-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 929 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат. (RK/BtO)

XS
SM
MD
LG