Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:37

Карамушкина башкы прокурордун кызматтан кетишин талап кылды


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина башкы прокур Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетишин талап кылды. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана аны колдогон КСДПнын мүчөлөрүнө карата «саясий буюртма аткарып жатат» деп башкы прокурорду сынга алды. Депутаттарды ага ишеним көрсөтпөөгө чакырды.

«2019-жыл Кыргызстандын тарыхында жарандардын эркиндигин чектеген кара так катары кирет. Азыр саясий оппоненттерди соттоп жатышат. Башкы прокуратуранын саясий буюртманы аткарышынан улам ушундай болуп жатат», - деген Карамушкина тандама көзөмөл болуп, жарандардын укуктары, мыйзам бузулуп жатат деген негизде Жамшитовдун кызматтан кетишин талап кылды.

Өткүрбек Жамшитов Ирина Карамушкина өзгөчө оор кылмыш боюнча шектүү экенин эскертти.

«Сиздин сурооңузга жооп берейинби же жокпу деп атам. Сиз шектүү адамсыз. Сотто ишиңиз каралып жатат. Мыйзамга ылайык шектенүү тууралуу кабарлоону мен сизге бергенмин. Ошондуктан сиз тараптан айтылган сынды туура кабыл алам. Бул жерде эч кандай саясий буюртма жок. Жөнөкөй кылмышты ар кандай боек берип айтканыңар туура эмес. Мыйзамды угуп, убагында келип койсо ушунун баары болмок эмес. Мыйзамды сыйлабай, «каалаганымды кылам» дегендин айынан «Альфанын» кызматкери каза болуп, канча адам ыйлап отурат. Сиздин жана башка шектүүлөрдүн кылмыштары материалдар менен далилденген. Күнөөңөрдү далилдөөгө толук даярбыз», - деди Жамшитов.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында «суракка келбей жатат» деген негизде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев менен Равшан Жээнбеков, УКМКнын кызматкери Канат Сагымбаев жана башка бир нече киши №1 тергөө абагында кармалып турушат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина жана КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында.

Жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG