Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Орозо айт намазы быйыл аянттар менен мечиттерде окулбай турган болду


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Быйыл Кыргызстанда Орозо айт намазын аянттарда жана мечиттерде окуганга болбойт. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгы кабарлады.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев «Азаттыкка» билдиргендей, мындай чечимди кабыл алууга эл арасында коронавирустун жайылышына жол бербөө аракети себеп болду.

«Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө элек экенин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле, 24-майда Орозо айт намазы да аянттарда жана мечиттерде окулбай тургандыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз», - деди ал.

24-май, Орозо айт күнү таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин «КТРК» телеканалынан муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин куттуктоосу жана кайрылуусу болот.

Быйыл Орозо айы 24-апрелде башталган болчу.

Орозо айт майрамы 24-майда белгиленет, анын эртеси - 25-май, дүйшөмбү күн да быйыл дем алыш болот.

Жалпысынан 21-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1313 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 929 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими күчүндө турат. (RK)

XS
SM
MD
LG