Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:18

Эмомали Рахмон биринчи жолу элине беткапчан чыкты


Эмомали Рахмон, анын уулу, Сенаттын спикери Рустам Эмомали жана премьер-министр Кохир Расулзода.
Эмомали Рахмон, анын уулу, Сенаттын спикери Рустам Эмомали жана премьер-министр Кохир Расулзода.

Тажик президенти Эмомали Рахмон шаршембиде Дүйшөмбү шаарында дарыгерлер менен жолукту жана айрым медициналык жайларды кыдырды.

Мамлекеттик «Ховар» маалымат агенттиги Рахмон менен анын уулу, Сенаттын спикери Рустам Эмомалинин жана премьер-министр Кохир Расулзоданын беткапкчан турган сүрөттөрүн жарыялады. Рахмон буга чейин маска тагынбай жаткан.

«Ховар» агенттиги Рахмон бул жолугушууларда анда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырганын жазды. Ошондой эле «ооруканаларда иш үзгүлтүккө учурабайт, дары-дармек, коргоочу каражаттар менен камсыз болот» деп убада бергенин билдирди.

Андан сырткары беткап, коргоочу кийим-кече жана дезинфекция каражаттарын жана дары чөптөрдөн жасалган препараттарды өндүрүү жолго коюларын айтты. Рахмон эмне болгон дары чөптөр экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги узак убакыт бою өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирус жугузуп алгандар бар экенин бышыктабай келген. Дүйшөмбү 30-апрелде гана 15 учур катталганын маалымдаган.

Соңку маалымат боюнча бул өлкөдө COVID-19 2140 адамдан табылды жана илдеттен 41 киши көз жумду. Оору жукканы болушу ыктымал деген шек менен 3,5 м иңдей жаран обсервацияда жатат.

XS
SM
MD
LG